Компьютердик вирус – ЭЭМди программалык камсыздоонун ишке жарамдуулугун бузуу, аны пайдалануучунун уруксаты жок эле, анын эркине каршы өзүнөн өзү көбөйүүчү жана таркалууга жөндөмдүү ЭЭМ программасы (ушундан улам анын аталышы оору козгоочу вируска окшош). Биринчи жолу 1980-жылдардын башында АКШда пайда болгон. К. в. менен күрөшүү үчүн вируска каршы программалар иштелип чыгууда. КР кылмыш-жаза мыйзамында биринчи ирет атамекендик иш тажрыйбада ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзгөндүгү, пайдалангандыгы жана тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленген. «ЭЭМ үчүн программаларды түзүү же билип туруп ЭЭМдин, ЭЭМ тутумунун же алардын тармагынын иштөөсүн бузуучу, колдонуудагы программалардын санкцияланбаган жок болуп кетүүсүнө, маалыматтарды көчүрмөлөөдө тоскоолдуктарга алып келүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү, ага тете эле ошондой программаларды же ошондой программалуу машиналык алып жүрүүчүлөрдү пайдалануу же таратуу» жазалануучу жосундар болуп саналат.

Комьпютердик вирустарга каршы антивирустук программалар ойлоп табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү