Компьютердик кылмыш
Компьютердик кылмыш – компьютердик информатика чөйрөсүндөгү кылмыш. К. к-тарга компьютердик маалыматтарга укук чектерине сыйбаган уруксатсыз кирип алуулар, ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзүү, пайдалануу жана таркатуу, ЭЭМ, ЭЭМ тутумун же алардын тармагын пайдалануу эрежелерин бузуулар кирет.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7