Компьютер программасы
Компьютер программасы, программалык жабдуу – компьютерди берилиштен маалымат иштеп чыгууга багыттоочу көрсөтмөлөр тобу. Бул көрсөтмөлөр программачы тарабынан программалоо тилинде жазылып сөз, символ жана код тобунан турат. Программа тилинин көрсөтмөсүн компьютер түшүнөт жана тааныйт. Компьютер пограммасы буйруктардан турат жана берилишти иштетип, маалымат түзүү үчүн зарыл болгон аракетти компьютерде аткартат. Программа эске жүктөлөт жана анда компьютер аткара турган аракеттер аныкталат. Программа түзүлгөндөн кийин, ал баскыч топ тактасын жана орундарды башкаруучу түзүлүштөрдү пайдалануу менен компьютерге киргизилет. Компьютерде анын тез эсиндеги программаны гана аткартууга болот, эгерде программа сактагыч түзүлүштө сакталса, анда аны алдын ала эске жүктөп алуу керек.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9