Конвергенция концепциясы

Конвергенция концепциясы (лат. converg - кыйыштыруу, жалгаштыруу) ар түрлүү биологиялык жана социалдык системалардагы бөлүнүүчүлүк менен индивидуалдуулукка Караганда жалпылык тенденциясынын артыкчылыгын тактоо үчүн иштелип чыккан.

Бул термин социалдык-саясий илимге биологиядан келип кирген (гибриддик коомду түшүндүрөт). Индустриалдык цивилизациянын чегине кирген өлкөлөрдүн эң башкы экономикалык жана саясий параметрлер боюнча объективдүү жакындашуусун, конвергенцияны негиздөөчүлөрдөн жана жактоочулардан болуп төмөнкүлөр эсептелет: Р.Арон, Ж.Фурастье (Франция), Ж.Гэлбрейт, У.Ростоу (АКШ), П.Сорокин (Орусиялык, кийин америкалык социолог), Я.Тинберген (Нидерландия) ж.б.

Конвергенция идеясын активдүү иштеп чыгуучулардын жана таратуучулардын бири А. Сахаров болгон. Конвергенция концепциясы 50-ж. калыптанып, өнүгүүгө ээ болгон. Конвергенция концепциясы коомдогу чыныгы процесстердин социалдык структурасына, функция жана багыттары ото жакын, мааниси жагынан окшоштуктарды таанууга таянат. Конвергенция тенденциялары коомдук турмуштун бардык сфераларын өзүнө камтыйт. Окшошуктар өндүрүштө илимдештирүү, социалдык башкаруунун рационалдаштыруу жана бюрократташтыруунун күч алышы, тейлөө сферасынын өсүшү жана социалдык-таптык структурадагы сапаттык өзгөрүүлөр процесстеринде көрүнөт. Конвергенция кубулушу ар түрлүү индустриалдык коомдордогу чыгармачылыктын өнүгүшүнүн, ар кыл социалдык катмарлардын кирешелерин теңдөөдөн, көпчүлүктүн кызыкчылыгын материалдык керектөөлөрдүн кийинки бөлүккө алыс чыгуудан, элге билим берүүдө жаңы парадигмага өтүүдөн байкалууда. 80-жж. орто ченинен баштап бардык өнүккөн өлкөлөрдү камтыган индустриалдык цивилизациянын кризисине байланыштуу жана күн тартибине постиндустриалдык же маалымат коомуна өтүү жөнүндөгү маселенин коюлушу менен Конвергенция концепциясы өзгөчө мааниге ээ болду.

Глобалдык проблемалардын курчушу менен, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө баалуулуктар системасынын кайрадан каралышына байланыштуу конвергенция адамзаттык абалдан чыгуу механизмине айланды. XX к. аягында чыныгы конвергенция капитализмге да, социализмге да мүнөздүү болгон социалдык жашоо образын уюштуруунун конструктивдүү компоненттеринин биригишин божомолдойт. Алардын арасында: рынок экономикасы, көп укладдуулук, жеке менчик, жарандык коом, укуктук мамлекет, социалдык саясат ж.б. бар. Конвергенция азыркы дүйнөлүк өнүгүүнүн объективдүү мыйзам ченемдүүлүгү, аны ишке ашырбай туруп адамзат жашай албай турган тарыхый зарылчылык. Конструктивдүү конвергенция маданияттардын оз ара аракеттеринин, анын ичинде саясий диалогдун негизинде гана болушу мүмкүн. Формалдуу эмес, чыныгы демократия гана маданияттардын диалогунун базасы боло алат. «Чыныгы социализмдин» жеңилишин аныктаган 90-жж. башындагы Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн саясий режимдеринин кыйрашы, СССРдин кулашы, КМШнын түзүлүшү Конвергенция концепциясына бир катар жаңы теориялык жана практикалык маселелерди кийирди, алар илимий жактан изилдөөлөргө муктаж.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8