Конвертер (лат. converto - өзгөртөм, башкага айландырам) - эритилген чоюндан аба же кычкылтек менен үйлөтүү аркылуу болотту жана штейн аркылуу аба үйлөтүү менен жезди алууга арналган аппарат.

Кара металлургияда эриген чоюнду аба менен астынан (к. Бессемер процесси) жана кычкылтек менен үстүнөн (к. Кычкылтектуу конвертер процесси) үйлөтүүчү Конвертер болуп айырмаланат. Астынан үйлөтүүчү Конвертер корпус, цапфа, патрубок, аба кутусу, редуктор, түп жана фурмадан турат. Бессемер Конвертеринен айырмаланып, чоюнду кычкылтек менен үстүнөн үйлөтүүдө корпустун түбү туюк болуп, форма жана аба кутусу жасалбайт, жогору жагынан шлем (капкак) кийгизилет.

Конвертердин сыйымд. 100 - 350 т. Корпустун ичине доломит кирпичи коюлат. Конвертерди иштетүүдөн мурда кирпич күйгүзүлөт. Бир коюлган кирпич 450 - 600 жолу эритүүгө чыдайт. Кычкылтек бири бирине кийиштирилген түтүк аркылуу берилет. Конвертер эсептеп чыгаруучу машина менен башкарылат.

Түстүү металлургияда цилиндр формасындагы Конвертер колдонулат. Анын диаметри 3 - 4 м, уз. 6 - 9 м, сыйымд. 40 - 100 г. Болот корнусуна магнезит кирпичи коюлат да, магнезит катмары менен С. Конгантиев. капталат. Аба бериле турган фурма астына жайгаштырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.