Конденсор (латынча condenso – коюулантам, тыгыздантам) – кыска фокустуу линза же линзалар системасы; ал оптикалык куралда проекциялануучу нерсени жарыктандыруу үчүн колдонулат. Конденсор жарык булагынан чыккан нурду буюмга багыттайт жана ага түшүшүн жакшыртат. Конденсор түрдүү түзүлүштөгү микроскоп, спектр аспабы, проекциялык аппараттарда колдонулат. Конденсордун апертурасы (оптикалык системанын тешиги) канчалык чоң болсо, түзүлүшү ошончолук татаал болот. 0,1ге чейинки сандык апертурада жөнөкөй линза, 0,2–0,3тө эки линза, 0,3төн жогоркуларда үч линза колдонулат. Сфералык аберрацияны азайтуучу сфералык беттери бири бирине караган эки бирдей жалпак-томпок линзадан турган Конденсор көп кездешет. Кээде Конденсордун линзаларынын бети татаал формада – парабола, эллипс түрүндө болот. Микроскопто Конденсордун апертурасын чоңойтуу менен анын даана көрсөтүүсү жогорулайт. Ар кандай структурадагы жарык булагынан чыккан жарыкты бирдей абалга келтириш үчүн спектрдик аспаптарда көбүнчө бир канча линзадан турган Конденсор колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү