Кондратшко Александр Федорович

Кондратшко Александр Федорович 1929-жылы азыркы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • Согуш убагында жумушчулардын жетишпестигинен улам, 13 жашынан баштап, Октябрь кыштагындагы МТС те (“Машино-трактордук станция”) тракторист болуп эмгектене баштаган.
  • 1949-жылы Жалал-Абад шаарындагы айыл-чарба техникумунун механизация бөлүмүн ылдамдатылган программа боюнча окуп бүтүрүп, өз каалоосу менен 1950-жылы Советтик Армиянын катарына кызмат өтөөгө кетет.
  • Армияда кызмат кылып жүрүп, Авиация окуу жайынын механик кесиби боюнча атайын курсун окуп бүтүрөт да, Ленинграддагы авиация полкунда 1954-жылга чейин кызмат кылат.Ошол жерде коммунисттик партиянын катарына мүчө болуп өтөт.
  • Армиядан бошоп келгенден кийин, партиянын Райондук комитети тарабынан, Октябрь кыштагынын маданият үйүнүн директору болуп жөнөтүлөт.
  • 1955-жылы Райкомдун көрсөтмөсү менен жалпы бөлүмдүн башчысы болуп дайындалып, 1958-жылга чейин иштейт.
  • 1958-жылы Ташкенттеги партиянын жогорку мектебине окууга кирип, аны 1962-жылы артыкчылык менен бүтүрүп келет.
  • Келгенден кийин, партиянын Ош обкомунда инструктор, айыл-чарба бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, ошол эле бөлүмдүн жетекчиси болуп 1971-жылга чейин иштеген.
  • 1971-жылыСузакРайкомунунун 1-секретарыболупдайындалат.1977-жылы Фрунзе шаарына Кыргызстан КП БКнын уюштуруу бөлүмүнүн инспектору болуп которулат да, ал жерде 1987-жылы, ден-соолугуна байланыштуу пенсияга чыкканга чейин иштеген.Иштеп жүргөн кезинде бир канча жолу райондук, облусттук жана 2 жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
  • Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана көптөгөн медалдар, ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3