Конкордат (латынча concordatum – келишим) – католик чиркөөсүнүн башчысы катары Рим папасы менен кайсы бир мамлекеттин ортосундагы мамлекеттеги католик чиркөөсүнүн укуктук абалын жана милдеттерин жөнгө салуучу келишим. Конкордат алгач 1122-ж. 23-сентябрда Вормста (Германия) рим папасы Каликс II менен герман императору Генрих Vнин ортосунда түзүлүп, бул келишим инвеститура (жарандык бийликтин жогорку дин кызматкерлерин дайындашы жана диний наам ыйгарышы) үчүн күрөштү токтоткон. Ошондой эле Болон Конкордаты (1516), папа Пий VII жана Наполеон Конкордаты (1801), Рим папасы менен Муссолининин фашисттик өкмөтү (1929), гитлердик Германия (1933) жана Франко Испаниясы (1953) Конкордаттары түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү