Конкреция (латынча concretio – өсүү, коюлуу) – чөкмө тектердин арасында кездешүүчү ар кандай түспөлдөгү (тоголок, сүйрү, жалпак ж. б.) минералдык түзүлүштүк Тоо тектери пайда болгон учурда, алардын курамындагы минералдар мурда орун алган бүртүкчөнүн (минерал же тектердин сыныктары, балыктын сөөгү, үлүл калканы, өсүмдүк калдыгы ж. б.) айланасына топтолуп, диффузия же инфильтрация жолу менен кристаллданат. Тоголок, сүйрү, жалпак турпатка ээ болот. Катмарчаланган кальцит, темир, кремний кычкылы, марганец, сульфид, сидерит, барит ж. б. минералдар кездешет. Чоңдугу бир нече ммден мге жетет. Бардык тектерде, азыр пайда болуп жаткан көл, деңиз, океан чөкмөлөрүндө жолугат. Тынч, Атлантика, Инд океандарынын түптөрүндөгү темир-марганец Конкрециялары (10%ке чейин) турмушта зор мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү