Кононов Виктор Сергеевич

Кононов Виктор Сергеевич (1922-жылы туулган, РСФСР, Орёл облусу) – медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972). Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтун бүтүргөн (1950). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1984) жана илимге эмгек сиңирген ишмери (1995). 1997-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Медицина академиясында профессор болуп иштеген. Балдар хирургиясы, травматология жана ортопедия боюнча адис. 350дөн ашык илимий эмгек, анын ичинде 3 монография, 9 ойлоп табуусу бар. Кызыл Жылдыз ордени, «Даңк» медалы менен сыйланган. Эмгектери: Гематогенный остеомиелит у детей. М., 1974.

Колдонулган адабияттар түзөтүү