Коносамент (фр. сonnaissement ) – кармоочусуна жүккө ээлик кылууга укук берүүчү баалуу кагаз; анын кармоочусунун К-те көрсөтүлгөн товарды башкаруу жана ташылып бүткөндөн кийин жүктү алуу укугун күбөлөндүрүүчү, товар башкаруучу документ. К. жүктү ташып жеткирүүгө кабыл алгандан кийин ташып жеткирүүчү тарабынан жөнөтүүчүгө берилет, ошол кабыл алуунун далили катары кызмат кылат жана келишим түзүү фактысын күбөлөйт. К. көрсөтүлүүчү, ордердик жана атайын арналышы мүмкүн. К. бир канча түп нускада түзүлгөн учурда жүктү биринчи көрсөтүлгөн К. боюнча берүү калган нускалардын аракеттерин токтотот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү