Консалтинг (англ. consulting – консультация берүү) – өндүрүүчүлөргө, сатуучуларга, сатып алуучуларга экономиканын финансынын, тышкы экономикалык байланыштын кеңири чөйрөдөгү маселелери боюнча консультация берүүчү атайын компаниялардын ишмердиги. Консалтинг компаниялары товар рыногун, кызмат көрсөтүүнү, лицензияларды, ноу-хауну ж. б. ошондой эле дүйнөлүк товар рынокторунун бааларын, соода-саясий шарттарды, экспорт-импорт операцияларын баалоо, эл аралык кызматташтык объектилерине техника-экономикалык негиздерди иштеп чыгуу, ички жана тышкы чөйрөнү эске алуу менен ишканалардын финансы-чарбалык ишмердигине маркетингдик изилдөө, талдоо жүргүзүү ж. б. боюнча изилдөө жана болжолдоо кызматын көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү