Консенсус (латынча consensus – макулдук, бир пикирдүүлүк) – эл аралык конференцияларда жана кеңешмелерде активдүү түрдө каршылык билдирилбеген учурда, формалдуу добуш берүүнү өткөрбөстөн эле катышуучулардын жалпы макулдугунун негизинде чечимдерди же келишимдерди кабыл алуу. Консенсус методу Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар органдарында кабылданган, ал өткөргөн эл аралык конференцияларда жана кеңешмелерде колдонулат. 1975-ж. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешмеде кардиналдуу чечимдерди кабыл алуу учурунда пайдаланылган. Саясий планда алганда ар түрдүү саясий күчтөрдүн ортосундагы жаңжалдарда сүйлөшүүлөр аркылуу ар тараптан өз ара элдешүүлөргө баруу менен бир пикирге келүү жолу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү