Консервалар - Азык-түлүктүн кайсы түрүнөн жасалгандыгына жараша эт, балык, сүт, жемиш, жашылча, ошондой эле аралаш Консервалар болуп бөлүнөт.

Консервалар.

Консервалар жашылча-жемишти жыл бою пайдаланууга шарт түзүп, рационду байытат. Өзгөчө алыскы түндүк райондордо жашагандар үчүн, экспедиция, жүрүштө жана башка шарттарда өтө маанилүү. Консерва даярдоонун азыркы технологиясы азык-түлүктүн аш бөлүмдүүлүгүн жана андагы витаминдерди толук сактоого мүмкүндүк берет.

Калай жана айнек идишке салынып, оозу бекитилген Консервалар бөлмө температурасындагы кургак имаратта 5 жылга чейин сакталат. Консерваларды ысык (20°тан жогору) жана өтө муздак (0°тан төмөн) жерде сактоого болбойт, анткени өтө' жылыгандан же муздагандан банканын ичиндеги тамактын көлөмү чоңоюп банка көөп кетиши мүмкүн. Ачылган калай банкадагы консерваны айнек же эмаль идишке салып капкак менен жаап, бөлмө температурасында бир сутка, муздаткычта 2-3 сутка гана сактоого болот. К. бузула баштаганда анын капкагы көтөрүлүп дөмпөйүп калат. Капкагы дөмпөйгөн банкадагы Консервалар жешке жараксыз, андан ууланып калууга болот (к. Ботулизм, Тамак-аштан уулануу). Дат баскан, оозу чала бекитилген банкадагы К-ды жегенге болбойт. Ошондой эле к. Үй шартына консервалоо макаласын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8