Консервалоо (азык-түлүктү) – тамак-аш азык-түлүктөрүн узак убакытка сактоодо бузулуп кетпеши үчүн иштетүү ыкмалары. Негизинен азыктүлүктөр андагы микроорганиздердин көбөйүшүнөн жана азык-түлүктөрдүн курамындагы ферменттердин терс аракетинен бузулат. Консервалоонун бардык ыкмасынын негизги максаты – микроорганиздерди жок кылуу, ферменттердин активдүү аракеттерин токтотуу болуп эсептелет. Анын ыкмасына стерилдөө, пастерлөө, тоңдуруу, кургатуу, туздоо, ыштоо (сүрсүтүү), кант жана химиялык заттарды кошуп иштетүү кирет. Консервалоонун бардык ыкмасында азык-түлүк алгач сорттолот, жуулат, желбөөчү бөлүктөрүнөн тазаланат. Эт азыктарынын тарамыштары, балыктын түрпүлөрү жана ичи алынып ташталат. Стерилдөөдө азык-түлүк 100–140°С температурага чейин, пастерлөөдө 100°Сге чейин ысытылса, тоңдуруу үчүн –18°тан –25°С температурага чейин муздатылат. Кургатууда азык-түлүктөгү ным жок кылынат. Ошентип, Консервалоонун бардык ыкмаларында микроорганизмдердин жашоо чөйрөсүн жок кылуу чаралары көрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү