Конспект (лат. conspectus — чагылдыруу, очерк) - бул маалыматтарды, түшүнүктөрдү, идеяларды, мугалимдин же адабий булактарда баяндалган сөздөрдү кыскача жазуу.

Конспекттин түрлөрү:

  1. План-конспект
  2. Схематикалык конспект
  3. Текстуалдык конспект
  4. Тематикалык конспект
  5. Эркин
  6. Улансын

Нурси жашыл

План-конспект түзөтүү

План-конспект - бул алдын ала даярдалган пландык материалдын негизинде ишке ашат. Планда пункт жана пунктчалардан турган пландын ар бирин ачып жазуу план-конспект деп аталат.

Схематикалык конспект түзөтүү

Бул конспекттин түрү пландагы пункттардын суроолоруна жооп берүү аркылуу ишке ашат. Маалыматты изилдөөдө суроолорго 2-3 сүйлөм менен жооп беришиңиз керек. Мындай конспект маалыматты жакшы өздөштүрүүгө жардам берет.

Текстуалдык конспект түзөтүү

Башка конспекттин түрлөрүнө караганда бир кыйла мазмундуу болуп саналат. Бул конспекттин түрү тексттеги үзүндүдөн жана цитаталардан турушу мүмкүн.

Тематикалык конспект түзөтүү

Маалыматты мындай ыкма менен жазуу башкалардан бир кыйла айырмаланып турат. Бир суроого жооп берүүдө ар кайсы булактардан алынган маалыматтар менен иштөөгө туура келет.

Эркин түзөтүү

Бул конспекттин түрүндө цитаталар, плпандар, тезистер ж.б камтылышы мүмкүн. План, циталар менен иштөөнү, өз оюңузду жакшы баяндоону жакшы билишиңиз керек. Маалыматты мындай конспекттөө толук кандуу болуп саналат.