Конституция (латынча constitutio – түзүлүш), башмыйзам – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. Конституция мамлекеттин жана коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат. «Конституция» түшүнүгү Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында жана орто кылымдарда колдонулган, бирок мааниси жана формасы жагынан укуктук акт боло алган эмес. Королдук жана феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында Конституция өзгөчө документ катары пайда болгон. Алгачкы жазылган Конституция 1787-ж. АКШда кабыл алынган. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ, кабыл алуунун жана өзгөртүү киргизүүнүн өзгөчө тартиби менен мүнөздөлөт. Конституция адатта атайы түзүлгөн Конституциялык уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү менен кабыл алынат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы Конституция деп Куран эсептелет, бардык мыйзамдар Куранга шайкеш келүүгө тийиш. Конституция мамлекеттин мыйзам чыгаруу жана укукту пайдалануу ишинин негизги юридикалык базасы болуп саналат. Бардык укуктук актылар, мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү ишмердиги Конституцияга шайкеш болууга тийиш. Конституцияга шайкеш келбеген актылар аракеттенбей турган жана укук бузуучу (органдардын аракети) деп каралат. Конституция убактылуу жана туруктуу деп да бөлүнөт. Убактылуу Конституция өткөөл мезгилде иштелип чыгып, бийликти уюштуруу жөнүндөгү негизги жоболорду чагылдырат, кээде туруктуу Конституция менен алмашылат (ТАР, Польша, Альбания). Туруктуу Конституция кыска мөөнөткө иштеп калышы мүмкүн (Венесуэла)./

Колдонулган адабияттар

түзөтүү