Конституциялык жоопкерчилик

Конституциялык жоопкерчилик – социалдык жоопкерчиликтин өзгөчө түрү. Татаал саясий-укуктук мүнөзгө ээ, конституциялык укук бузууларга каршы күрөшөт жана анын субъектерине өзгөчө терс натыйжаларды алып келүүдөн көрүнөт. Мамлекеттик бийлик органдары жана жогорку кызмат адамдары конституциялык жоопкерчилик субъекттери болуулары мүмкүн. Конституциялык жоопкерчилик тариздери (санкциялары):

а) Конституцияга каршы актыларды жокко чыгаруу же токтотуу;

б) Кызматынан четтетүү (импичмент иретинде);

в) Шайлоолорду таануу же референдумдун жыйынтыктарын жараксыз деп таануу;

г) Мамлекеттик органдардын, жогорку кызмат адамдарынын иштерин ырасмий түрдө канаттандырарлык эмес (анын ичинде өкмөткө ишеним көрсөтпөө вотуму жолу менен) деп табуу;

д) Эсеп берүүчү органды мөөнөтүнөн мурда таратуу болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү