Конструкция (латынча constructio – түзүү, куруу) – түзүлүш, бөлүкчөлөрдүн өз ара жайгашуусу, кандайдыр бир курулуштун, механизмдин курамы; белгилүү түзүлүштөгү курулуш, механизм ж. б. (мисалы, көпүрөнүн Конструкциясы, темир-бетондуу Конструкция). Техникада – машина бөлүктөрүнүн өз ара жайгашышы, бириктирүү жолдору, таасир кылуучулары жана айрым бөлүктөрдүн кайсы материалдан жасалышы алдын ала каралат. Курулушта жаңы Конструкцияны долбоорлоодо бекемдөө жана өлчөмдөн ашып ийилип кетпөөсү үчүн ар кандай ыкма колдонулат. Мында туруктуу же убактылуу бекемдөөчү тирөөчтөрдү пайдалануу, негизги жана жардамчы устундарды коюу, устундардын туура кесилиш аянтын чоңойтуу, темир Конструкцияга айландыруу, кошумча негизги устундарды кошуу ыкмалары да колдонулат. Темир Конструкциянын начар жерлери ага темир кабаттарды же башка элементтерди ширетүү менен бекемделет. Талап кылынган учурда долбоор боюнча кошумча арматура орнотулуп, бетондон түркүк коюлат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү