Консул (лат. consul ) – башка мамлекеттин районуна (округуна) өз өлкөсүнүн, анын юридикалык жактарынын жана жарандарынын кызыкчылыгын коргоо, өзү өкүлү болгон жана кабыл алган мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык, илимий, маданий жана башка байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө болуу, өзү жүргөн райондогу социалдык-саясий жана экономикалык жүрүмдөргө байкоо жүргүзүү жана кабардар болуу үчүн (анын макулдугу менен) дайындалган кызмат адамы. Айрым мамлекеттер К-га соода мамилелерин өнүктүрүү, ал турмак ага соода-сатык бүтүмдөрүн түзүү боюнча милдеттерди да тагат. КР мыйзамдары боюнча К. – консулдук мекеменин башчысы, чет мамлекетте эларалык укукта каралган чектерде КРдин, анын жеке жана юридикалык жактарынын кызыкчылыктарынкоргоо үчүн дайындалган, мамлекеттик кызмат тармагындагы кызмат адамы болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү