Контекст (лингвистика)

Контекст (лингвистика) - (лат. contextus – бириктирүү, байланыш) - тексттин тутумундагы, тегерегиндеги фрагменттер, көрүнүштөр.

Контекст микроконтекст жана макроконтекст болуп бөлүнөт. Микроконтекст - тексттин тутумундагы жеке минималдуу, тилдик бирдиктердин тегерегиндеги коннотациялык, ассоциациялык ж.б. өзгөчөлүктөрдү көрсөткөн фрагмент. Макроконтекст - тексттин жалпы тутумундагы, курчоосундагы өзгөчөлүктөрдү чагылдырган көрүнүштөр.

Тилдик бирдиктерди микро- жана макроконтексттик аспектиде иликтөө ар түрдүү жыйынтык-корутундуну берет. Маселен: акын О. Султановдун поэтикалык тексттерин анализдегенде "сүйүү" деген сөздүн микроконтексти

  • 1) ашык болуу, жактыруу, көңүл салуу:
  • 2) жакшы көрүү, сыйлоо, кадырлоо, урматтоо,
  • 3) каалоо, берилүү, деген маанини түшүндүрөт.

Ошол эле мезгилде "сүйүү" деген сөздүн макроконтекстинде (О.Султановдун поэтикалык тексттеринин жалпы жыйындысында) "сүйүү" - бул "айрылуу", "кайгыруу", "арман", "эңсөө", "сагынуу", "кусалануу", "нааразылык" сыяктуу маанилерге, мазмунга жык толгон. Ошентип, микроконтекст жана макроконтекст өзүнүн табияты, функциясы боюнча ар түрдүү болот.

Тексттеги информация баштан аяк ыраттуу баяндалгандыктан, текстте Контекст баштапкы Контекст (солчул Контекст) жана кийинки Контекст (оңчул Контекст) болуп бөлүнөт. Мис., Отряд андан ары жүрүп кетти. Абил кийин орус администрациясы келгенге дейре падышадан алган өзгөчө жарлык катары каратаман элди көп жылы чарк имерип бийлөөгө укук болуп берген ошол кагазды көзүнө сүртүп, тооп кылып, көлөкөсү узарып, үңкүйүп калып калды (Т.Касымбеков).

Бул баяндамада отряд жүрүп кеткенге чейинки фрагмент баштапкы (солчул) Контекст болот. Отряд жүрүп кеткенден кийинки фрагмент кийинки (оңчул) Контекст Солчул Контекст баяндын себебин (Абилдин кубанычынын себебин) туюндурса, оңчул Контекст андагы натыйжаны (Абилдин андан кийинки элди чарк имерип бийлегенин) чагылдырып турат.

Демек, Контексттин болушу коммуникациянын зарыл шарты. Ушуга ылайык, Контекст лингвистикалык Контекст жана экстралингвистикалык Контекст деген түргө бөлүнөт. Сүйлөшүүдөгү шарт-кырдаал, сүйлөшүүнүн орду мезгили, ырааты, айтуучу менен угуучунун өзгөчөлүктөрү, алардын бири-бирине болгон мамилеси, катышы ж.б. экстралингвистикалык Контекстти түзөт. Лингвистикалык же вербалдык Контекствербалдык эмес Контекстке (мимика, пантомимика, ымдоо-жаңсоого) карама-каршы коюлуп каралып жүрөт. Вербалдык эмес Контекствербалдык Контекстти дайыма коштоп жүрөт. Кээде анын ордуна колдонулат. Вербалдык эмес Контекст тилдик бирдиктердин маанисин ачып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. М.: шилтеме жест, жаңсоо сүйлөшүүдөгү маанини да жана мамилени да толук туюнтууга көмөкчү болот. Контекст эксплициттүү (т.а., тилдик жана тилдик эмес каражаттар менен так, ачык туюндурулган) жана импилициттүү, (тилдик жана тилдик эмес каражатттар менен так туюндурулбай, кыйытылып туюндурулган) түрдө болот. Импилициттүү Контекст прессупозициянын түрү болуп саналат. Бул же сүйлөшүп жаткандардын мындан мурдакы кырдаал боюнча фондук билими, же буга чейинки тексттер менен тааныштыгы, билими түрүндө болушу мүмкүн. Мис., Кеч курун салкындады деген туюнтмада Кундуз жылуу болгон деген импилициттик, солчул Контекст бар.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4