Континенттик климат – материктин ички (океан, деңиздерден алыс) бөлүктөрүндө кургактыктын атмосферага тийгизген таасиринен пайда болгон климат. Континенттик климат Евразиянын борбордук бөлүгүнө жана Түндүк Америкага мүнөздүү. Мелүүн алкактарда абанын температурасы жыл (жайы ысык, кышы суук) жана сутка ичинде кескин өзгөрүп турат. Деңиз климатынан жаан-чачындын аз жаашы, булуттуулуктун аздыгы, шамалы басаң болгондугу, абанын жылдык орточо температурасынын төмөндүгү, аба ырайынын бат-бат өзгөрүп турушу жана атмененын чаңдуулугу менен айырмаланат. Климаттын континенттүүлүгү материктин ичин карай күчөйт. Кыргызстан аймагына да Континенттик климат мүнөздүү. Анда абанын жылдык орточо температурасы өрөөндөрдө 5–6°Сден 10–13°Сге чейин, бийик тоолуу зонада –7… –8°С. Абсолюттук минимум –3,6°Сди (Ак-Сай өрөөнүндө), абсолюттук максимум 44°Сди (Чүй өрөөнүнүн түндүгү) түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү