Континуитет (англ. continuity –үзгүлтүксүздүк) – 1) парламенттик жолжобо эрежеси, ага ылайык эгер мыйзам долбоору ал киргизилген парламенттин сессиясынын аягына чейин бекитилбесе, аны кароо (тийиштүү баскычынан тарта) кийинки сессияда улантылат, б. а. сессиянын аякташы мыйзам чыгаруу ишин токтотпойт, тыным гана берет. 2) эларалык укукта мамлекет-улантуучунун (мураскор) мурунку мамлекеттин келишимдеринде каралган укуктарын жана милдеттенмелерин ишке ашыруусу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү