Контрактура (лат. contractura — тарытуу, ичкериши) — муун кыймылынын туруктуу же убактылуу азайышы. Анын бүгүлгөн (муун сунулбай калган) жана сунулган (бүгүлбөй калган) түрү болот, ошондой эле муунду айландыруу, капталга буруу кыймылдары да бузулушу мүмкүн.

Контрактуранын келип чыгышы түзөтүү

Өсүү кемтигине байланыштуу болгон тубаса контрактура дайыма туруктуу болот. Кийин пайда болгон туруктуу контрактура муун травмасы жана оорусунун, күйүктөн тартылып калган тырыктын, булчуң кырсыкка учуроонун кесепетинен болот. Борбордук нерв системасынын травмасы жана ооруларынан кийин (мисалы, инсульт), муунду кыймылга келтирүүчү булчуңдун функңиясы бузулганда да контрактура болот. Муунду узакка гипстеп кыймылсыз таңуу же төшөктө көпкө жаткан катуу оорулууларда кыймылсыздыктан контрактура пайда болушу ыктымал. Түрдүү себептерден пайда болгон туруктуу контрактураны өз убагында дарылабаса муун толук кыймылдабай калышы мүмкүн (анкилоз). Контрактуранын кесепетинен болгон эмгекке жарамсыздык контрактуранын түрүнө жана оордугуна, ошондой эле кайсы муунда экеыдигине байланыштуу. Тизенин сунулган контрактурасында кишинин басышы бузулат, чыканактын сунулган контрактурасында кийимин топчулай албай, кашыкты оозуна жеткизе албай калат. Бүгүлгөн тизе контрактурасында оорулуу бутуна таянып баса албай, мунжу болот; тескерисинче чыканактын бүгүлгөн контрактурасында көп жумушту аткара алат. Убактылуу контрактура негизинен ооруйт, ошондуктан муунду оорубаган абалында кармоого туура келет. Ооруганы азайган сайын муун кыймылы калыбына келе баштайт.

Дарылоо түзөтүү

Туруктуу контрактураны дарылоону адис-ортопед жүргүзүп, айыктыруучу гимнастика, механикалык терапия, түзөөчү гипс таңуулары, ар кандай ортопедиялык аппараттар колдонулат, кээде хирургиялык операция жасалат. Дарылоонун натыйжасы көбүнчө оорулуунун чыдамкайлыгына, догдурдун айткандарын так аткарышына жараша болот. Эне-аталар баланын кайсы бир дене бөлүгүнүн (алакан, моюн, таман жана башка) туура эмес абалда турганын байкары менен догдурга кайрылуусу керек.

Оорудун алдын алуу түзөтүү

Кийин пайда болгон контрактураны алдын алууда күйүктө, сыныкта, жарадар болгондо же башка кырсыкка учуроодо, ооруларда, айрыкча муун сезгенүүлөрүндө тезинен медициналык жардамга кайрылуунун мааниси чоң. Оор травманы жана ооруну өз убагында дарыласа контрактура болбойт. Айыктыруучу гимнастика — кыймылсыздан болуучу контрактураны алдын алат. Догдур дайындаган гимнастика көнүгүүлөрүн оорулуу адегенде методисттин көзөмөлүндө, андан кийин өз алдынча эринбей чыдамкайлык менен жүргүзүшү зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8