Контрапункт (лат. punctus contra punctum – сөзмө сөз чекитке каршы чекит дегенден) – 1) полифониянын эле өзү – карама-каршы обондордун айкалышуусу менен мүнөздөлгөн көп үндүүлүктүн белгилүү бир түрү, ошондой эле көп үндүүлүктүн ушул түрүнө арналган илимий жана окуу предмети; 2) обондордун полифониялык, контрапункттук кошулуусу. Эки же бир нече обондун Контрапункту – доордун эстетикалык нормаларына төп келишкен иреттүү бүтүндүк (бирдиктүүлүк менен контрасттуулуктун бир эле убакта айкалышы); 3) негизги обонду коштогон обон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү