Контрасигнатура (контрассигнация)

Контрасигнатура (контрассигнация) (кийинки лат. contrasignatura – министрдин бекитиши, колу) – мамлекет башчысынын актысын министрдин колу менен бекитүү, бул ал акты үчүн юридикалык жана саясий жоопкерчиликти аны бекиткен министр тартарын билдирет. К. формалдуу түрдө мамлекет башчысы өзүнүн (эгер сөз президент жөнүндө болсо, мамлекеттик чыккынчылык жана башка кылмыштардан башка) аракеттери үчүн юридикалык жактан жооп бербестиги менен түшүндүрүлөт. Сейрек учуроочу өкмөт башчысынын актысын тийиштүү министрдин К-сы кабинеттин биримдигин чыңдоого умтулуу менен түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү