Контраст
Контраст буюм-заттарды, жаратылыш кубулуштарын, адамдардын мүнөзүн бири-бирине кескин карама-каршы коюп сүрөттөө. Пейзаждык кубулуштарды жүрүп жаткан окуяга карама-каршы коюп, контрасттык планда сүрөттөө каармандын психологиясын терең ачууга шарт түзөт.
Контрасттык сүрөттөө кыргыз поэзиясынын мүнөздүү белгилеринен. Айрым акындардын чыгармаларында контраст ырдын ар бир сабында кездешиши мүмкүн:
Мен акынмын кээде кедей, кээде бай,
Ичкен ашым кээде кесме, кээде чай,
Кай бир күнү конок толуп үйүмө,
Казанымда кайнап турат жалаң май.
Кай бир күнү капа кылам өзүңдү,
Жаш балаңа сүттүк акча табалбай.
(Б. Сарногоев).
Бул келтирилген строфа туташ контрасттык түшүнүктөрдүн негизинде түзүлүп, акындын турмуштук позициясын даана көрсөтүп турат. Кээ бир чыгармаларда контраст бүтүндөй образдык системаны, бүтүндөй текстти аралап өтөт. Мындай учурларда контрасттык түрүн аныктоо үчүн бүтүндөй текстти талдоого туура келет.
Б. Сарногоевдин “Аялдардын ачуусу” деген ыры ушундай ыкма менен жазылган:
Муз кылат кайнап турган арашанды,
Кыш кылат жайкы чилде саратанды.
Бээжайы безеленип тил тийгизсең,
Таанытат атаң тургай таятаңд...
Жылытсаң жылуу сөзгө аздан-аздан,
Кабагы жарк дей түшөт кайра баштан.
Ачуусу жаап бүткөн кара нөшөр,
Ал эми аял өзү тунук асман.
Акын бул ырында ачуусу келип, кайрадан бат эле жазылып кеткен, кара нөшөр болуп жаап, кайрадан бир заматта туптунук асмандай болуп ачылып кеткен аялдын образын Конрастык салыштыруулардын негизинде жаратып жатат. Ошентип, контрасттык сүрөттөө кыргыз поэзиясындагы эң күчтүү өнүккөн стилистикалык фигуралардан болуп эсептелет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004