Контрибуция (лат. contributio ) – согуш аяктагандан кийин жеңилген мамлекет жеңген мамлекетке төлөөчү акча суммасы. К. негизине ал адилеттүү же адилетсиз согуш жүргүзгөнүнө карабастан «жеңүүчүнүн укугу» коюлган. К-нын өлчөмү, төлөө шарттары жана таризи жеңүүчүнүн каалоосуна жараша гана аныкталат. 1949-жылкы согуш мезгилинде жарандык калкты колдоо жөнүндө Женева конвенциясы К. алууну караган эмес. К-нын ордуна мамлекеттин материалдык жоопкерчилигин репарация, реституция, субституция жана башка тариздери келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү