Конурбация
Конурбация (латынча соn – чогуу, бирге жана urbs – шаар; шаарлардын чогундусу) – 1) бири-бирине жакын жайгашкан жана өз ара экономикалык тыгыз байланышы бар шаарлар тобу. Анын ортосу болуп ири шаар эсептелет. Мисалы, Чоң Москва, Чоң Лондон, Чоң Париж Конурбациялары, Токионун Йокохама Конурбациясы ж. б.; 2) шаар агломерациясынын синоними.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9