Концертино (итал. concertino - чакан концерт) -

1. Жеке аткаруучу оркестрдин коштоосунда ойногон кубултмалуу мүнөздөгү музыкалык чыгарма. Ал концерттен чакан көлөмү, ошондой эле анча татаал эместиги менен айырмаланган.

2. Музыкалык аспапта ойногондордун чакан тобу. Кыргыз музыкалык Тарыхында алгачкылардан болуп дирижёр, музыкант Р. Миронович менен Б. Кулболдиев залкар комузчу Ныязаалы Борошовдун «Арсар күүсүнө» атайын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестри үчүн «Концертино» жазышкан. Ал комузчу менен эл аспаптар оркестринин музыканттарынын ортосунда кайымдашып айтышкандай мыкты чеберчиликте жазышкан жана аткарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.