Коньки спорту – кышкы спорт түрлөрүнүн бири. Анын коньки менен тез (муз үстүндө) Hypкоо жана фигуралык муз тебүү деген түрлөрү бар. Азыркы Коньки спортунда эркектер үчүн 500, 1000, 1500, 5000, 10000 м, аялдар үчүн 500, 1000, 1500, 3000 м чуркоо аралыгы белгиленген. 1-жолу Коньки спортунун коому Норвегияда 1864-ж. түзүлүп, алгачкы мелдеш 1882-ж. Венада өткөрүлгөн. Конькиде тез чуркоо боюнча эл аралык мелдеш 1890-ж. Россияда уюштурулуп, 1892-ж. эл аралык союзу түзүлгөн. 1893-жылдан эркектер арасында Европалык жана дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. 1924-жылдан кышкы Олимпия оюндарына киргизилген. Кыргызстанда Коньки спорту боюнча алгачкы мелдеш 1929-ж. Караколдо өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү