Коньяк - коньяк спиртинен даярдалуучу күчтүү ичкилик. Брендинин бир түрү.

Ал көбүнчө ак, кургак жүзүм шарабын кайра айдоо жолу менен алынат да, андан кийин дубдан жасалган бочкаларда көпкө сактоо ыкмасы менен даярдалат. Коньяк башка күчтүү ичкиликтен өзүнө мүнөздүү жыты, даамы менен айырмаланат. Коньяк Франциянын Шарант департаментинин борбору Коньяк шаарында көп даярдалгандыктан ушундайча аталган. Кордоо мөөнөтүндө (выдержка) күчтүүлүгү 65 - 70% га жеткен Коньяк спиртине боёочу зат кошулган соң ал тиешелүү түскө, жытка жана даамга ээ болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.