Кооздук буюмдар - адамдын дене боюна, кийимине көрк берүүгө арналган түрдүү кооздук буюмдардын жана сүрөттөрдүн топтому. Кооздук буюмдар эзелтеден бери колдонулуп келатат; алардын эң байыркылары неолит дооруна тиешелүү көрүстөндөрдөн табылган. Кооздук буюмдары ал кезде таштан, мүйүздөн, пил сөөгүнөн жана башкадан жасалган. Алгач көп кооздук буюмдар кийимдин бир бөлүгү болгон. Көбүнчө алар магиялык максатка (сактоочу) ээ болгон жана көздөн, жиндерден, ар түрдүү коркунучтардан сактоого тийиш эле. Бирок башынан эле кооздук буюмдардын дагы бир функциясы - адамдын эстетиткалык талаптарын канааттандыруу, өз ордун табуу каражаты катары кызмат кылуучу белги болгон. Адамдын денесинин бардык бөлүктөрү үчүн кооздоо табылган. Башка (мурунга, эринге тагуучу сөйкөлөр, илмелер), көкүрөккө (мончок, чынжырча, төөнөгүч жана башкалар), ийинге асылчу, колго (билерик), манжаларга (шакек), белге, бутка жана башкалар тагылуучу кооздук буюмдары белгилүү. Кооздук буюмдардын мүнөзүнө, формасына маданияттын диний жана этностук өзгөчөлүктөрү, жаратылыш шарттары, тарыхый кырдаал жана адамдардын маданий байланыштары чоң таасир берет. Ошондуктан кооздук буюмдардын аймактык, этностук, конфессионалдык айырмачылыктары болот. Алардын көпчүлүгү кишинин коомдук статусунун символу болуп саналат. Кооздук буюмдарды функциясы, формасы, материалы, даярдоо техникасы, орнаментикасы жана башка боюнча айырмалоо кабыл алынган. Кооздук буюмдардын арасынан кымбат баалуулары: баалуу таштар - бриллиант, изумруд, рубин, сапфир, акак чөгөрүлгөн баалуу платина, алтын, күмүш зергерлик буюмдары өзгөчө бөлүнүп турат. Кооздук буюмдарда түрдүү элдердин көркөм стилдери жана модалары чагылдырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү