Коомдук кенч – автордук укук тууралуу мыйзамдардагы автордун чыгармасын эч жолтоосуз эле пайдалана берүү мүмкүнчүлүгүн билдире турган түшүнүк. Автордук укуктун мөөнөтүнүн бүтүшү чыгарманын К. к-ке өткөндүгүн билдирет.КР аймагында коргоого алынбаган чыгармалардын баардыгы К. к-ке кирет. К. к-ке кирген чыгармаларды баардык жактар автордук сыйакы төлөбөстөн эле пайдалана берет. Ошол эле учурда, автордук укук, атына карата укук, чыгармага карата колтийгистик укук сакталууга тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү