Коомчулук менен байланыштар

Брумдун Effective Public Relations (1978) аныктамасы боюнча коомчулук менен байланыш, кандайдыр бир мекеме жана анын чөйрөсү арасында эки тараптуу пайда камсыз кылган мамилелерди белгилөө, аныктоо жана дайыма улантып туруу үчүн жооптуу болгон бир башкаруу функциясы болуп саналат. Американын Коомчулук менен Байланыш Коомунун аныктамасы боюнча Коомчулук менен байланыш-мекеме жана анын коомчулуктары арасында өз ара пайдалуу мамилелерди курган стартегиялык коммуникация процесси болуп саналат”.

Эл аралык Коомчулук менен Байланыш Ассоцияциясынын жаңы аныктамасы боюнча “Коомчулук менен байланыш – ишенимдүү жана этикалык коммуникация ыкмаларынын жардамы менен маалыматтарды камсыз кылууга негизделген, мекеме жана анын коомчулуктары арасында мамиле жана кызыкчылыктарды куруш үчүн чечимдерди кабыл алуу боюнча башкаруу практикасы”

Коомчулук менен Байланыш Институнун (IPR- Institute of Public Relations) аныктамасы боюнча коомчулук менен байланыш “бир мекеме жана максаттык тобу арасында жакшы ниет жана өз ара түшүнүүнү куруу жана дайыма колдоп туруу үчүн жасалган аракеттердин бүтүнү болуп саналат”.



Шилтеме:
Эл аралык коомчулук менен байланыштар

https://www.prsa.org/about/all-about-pr

https://www.ipra.org/member-services/pr-definition