Коон үзмөй
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 8—15 киши.
Оюн аянтчада, токойлуу жерде, спорттук бөлмөдө.
Оюнга даярдануу
түзөтүүЖетекчи шайланат, калган оюнчулар эки топко бөлүнүп, бири биринин артына туруп, алдындагы оюнчулардын белдеринен кармашат. Катарда биринчи турушкан оюнчулар даракты же устунду кучакташып турушат.
Оюндун баяны
түзөтүүЖетекчинин буйругу боюнча кезеги менен ар бир топтон бирден киши чыгышып, берилген убакытта атаандаш топтун оюнчуларын бирден үзүүгө аракеттенишет. Оюн каалашкан убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу атандаштарын үзүшүп алышкан оюнчулар жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБелден башка жерден кармап үзүүгө, бири бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө болбойт.
Педагогикалык мааниси
түзөтүүКүчкө, ийилчээктикке тарбиялайт, чыдамкайлыкка үйрөтөт.