Копён Чаатас – Енисей кыргыздарынын 7–8-кылымдарга таандык көрүстөнү жана ошол кездеги маданиятынын негизги эстелиги. Енисей дарыясынын сол жээгинде, Хакасиянын Копён кыштагынын жанында жайгашкан. 1939–40-жылдары советтик археологдор Л. А. Евтюхова жана С. В. Киселёв изилдеген. Маркумдар өрттөлүп, таш дөбөлөрдүн астына коюлган. Ал дөбөлөрдүн көбү илгери эле талоонго учураган, бирок кыргыз ак сөөктөрү коюлган чоң таш дөбөлөрдө (диаметри 20–30 м) эки жашыруун казанак бар экендиги аныкталган. Ал казанактардан алтындан жасалган чоң идиш, күмүш табакка салынган жана кооздолгон 4 алтын кумура, жаа менен айбандарга аңчылык кылып бараткан чабендестин коло сөлөкөтү табылган. Кумуралардын экөөнүн бетинде байыркы түрк жазуулары бар. Ал буюмдарды Иран, Орто Азия жана Кытайдын орто кылымдагы искусствосу менен тааныш жергиликтүү чеберлер жасаган деп болжолдонот. Копён Чаатастын тарых илиминде мааниси зор.

Колдонулган адабияттар түзөтүү