Кора (грекче kore – кыз) – байыркы грек көркөм искусствосунда узун кийимчен, түз турган кыздын статуясы. К. тиби грек архаикасында (биздин заманга чейин VI к.) пайда болгон. К. фигуралары кээ бирде храмдарда түркүк ордуна арх-ралык таяныч катары колдонулган. Аны айырмалап турган белгилердин бири – анча байкалбаган «архаикалык» жылмаюусу. К-нын аял турпатындагы фигурасына эркек турпатындагы курос фигурасы дал келген, Кариатида менен салыштыр.

Кора

Колдонулган адабияттар түзөтүү