Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: коргон, дубал.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар коргондун алдында турушуп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден коргондо тең салмактарын жоготушпай жүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тең салмагын жоготпой, коргондо бат басып жүргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Коргондо жүгүрүү, корголдо арты менен жүрүү, коргонду минип жылуу, коргондо кубалашуу, коргондо отуруп кайра туруу, коргондо каптал менен жүрүү, коргондон секирип түшүү.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакындоого, тоскоолдук кылууга, жолун тозууга, түртүшүүгө, коргондун түбүндө жүрүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюн тең салмакты сактоого, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү