Коргонуу — душмандын артыкчылык кылган күчүнүн чабуулун майтаруу, аны жоготууларга учуратуу, өзүнүн ээлеген позициясын сактап калуу жана чечкиндүү чабуулга өтүүгө шарт түзүү максатында колдонулуучу согуш аракеттеринин бир түрү. Коргонуу чабуул коюуга мүмкүн болбогон же максатка ылайык келбеген учурларда колдонулат. Убакыт утууга, бир багыттагы күчтөрдү жана каражаттарды үнөмдөөгө, аны менен башка багыттарда жана участкаларда чабуул коюуга шарт түзүүгө мүмкүндүк берилет. Аскер бөлүкчөлөрү менен бөлүктөрүнүн алдына коюлган милдеттерге жана алардын күчүнө жараша Коргонуунун стратегиялык, оперативдүү же тактикалык мааниси болот. Кургактагы аскер бөлүкчөлөрүнүн жана бөлүктөрүнүн Коргонуусу туруктуу жа активдүү, ядролук жана танкага каршы согушка, жапырт кыргын куралдарына, авиациянын соккусуна, артиллериянын атууларына туруштук берүүгө жөндөмдүү болууга тийиш. Бөлүкчөлөрдүн жана бөлүктөрдүн Коргонууга өтүүсү душман менен түздүн-түз кагылышуунун же кагылышпоонун шартында өтүшү мүмкүндүк Азыркы Коргонуунун инженердик жабдуулары Коргонуудагы бөлүкчөлөрдү, анын турган жерин жапырт кыргын куралдарынан, артиллерия ж. б. соккусунан жашырууга тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү