Коргоочу – кылмыш иштери боюнча шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолуучунун жана күбөнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоону ишке ашыруучу жана аларга юридикалык жардам көрсөтүүчү адам. Тергөөгө К. катары адвокаттар катышышат. Сотко К. катары соттолуп жаткан кишинин жакын туугандары жана мыйзамдуу өкүлдөрү катыштырылышы мүмкүн. К. ишке шектүүнүн (айыпталуучунун), күбөнүн биринчи сурагынан тартып же шектүүнү иш жүзүндө кармагандан баштап катышат. Эгер биринин эле кызыкчылыгы башканыкына каршы келсе, бир киши эки шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолуучунун жана күбөнүн К-су боло албайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү