Коргоочу токой — түрдүү объектилерди табияттын ыңгайсыз шарттарынан коргоочу табигый жана атайын өстүрүлгөн токой. Бардык токой ар кандай даражада коргоо милдетин аткарат. Ал климатка, жердин үстүнкү катмарынын химиялык курамына оң таасир тийгизет. Бийик тоолуу жерде өскөн токой кар көчкүдөн, селден, тоо топурагын эрозиядан, чөлдүү жерлердин чет жакаларындагы токой пайдаланып жаткан айыл-чарба жерин шамал учуруп келген кумдан коргойт, дарыя жээгиндеги токойлор суунун жерге сиңишин жакшыртып, жер астындагы суунун запасын толуктайт, көлмө жээгиндеги токой балык урук таштоого жакшы шарт түзөт. Токой топуракты эрозиядан, шамалдын айыл-чарбасына тийгизүүчү терс таасиринен сактап, абаны ар кандай чаңдан тазартат ж. б. Коргоочу токой жол, канал ж. б. объектилерди шамал учуруп келген кар, кум ж. б. сактайт, жер кыртышынын эрозияга учурап, аң-коктулардын пайда болушуна жол бербейт; катуу шамалды басаңдатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү