Корей тиликорейлердин тили. Корей жарым аралына, КЭР, Япония, АКШ, Россияга тараган. Корей тили обочолонмо тилдердин бири. Анын пайда болушу жөнүндө түрдүү божомолдор бар. Корей тилин окумуштуулар тунгус-манжур тил тобуна кирерин далилдешкен. Корей тили 6 диалектиге бөлүнөт: түндүк-чыгыш [Түндүк-Чыгыш Кытайдагы корей говорун кошкондо], түндүк-батыш, борбордук, түштүк-чыгыш, түштүк-батыш жана Чежудо аралынын диалекти. Корей тили — агглютинациялама тил. 19-кылымдын аягына чейин жазма адабий тили ханмун болгон. Корей адабий тили борбордук диалектидеги сеул говорунун негизинде калыптанган.

Үндүү тыбыштар: 아-а 야-я 어-о 여-ё 오-о 요-ё 우-у 유-ю . Үнсүз тыбыштар: ㄱ-к ㄴ-н ㄷ-т ㄹ-р/л ㅁ-м ㅂ-п ㅅ-с ㅈ-ч ㅊ-чх ㅍ-пх ㅋ-кх ㅌ-тх ㅎ-х .Корей тилинде окуйбуз: 집 -уй /чип (окулушуу) 가방-баштык/ кабан 사람-адам/ сарам 잠-туш/ чам

Колдонулган адабияттар түзөтүү