Коржинский сеселиси (лат. Seseli korshinskyi (Schischk.), М. Pimen) - Бийиктиги 30-70 см болгон поликарптык, көп жылдык, тамыры тик ылдый өскөн, кочкул-жашыл өсүмдүк. Каудекси сөңгөктөнөт, былтыркы жалбырактардын куураган саптарынын калдыктары менен капталган. Сабагы жумуру, түп жагынан же ортосунан тартып бутактанат. Тамыр моюнчасынан өскөн жалбырактарынын сабынын узундугу 3-10 см. Жалбырактарынын узундугу 12 см ге чейин жетет, көрүнүшү ланцеттей, канаттай тилкелүү, тилке сегменттеринин узундугу 7-15 мм, жумурткадай же ромбдой, кыска саптуу, жээги бир аз оюктуу, арсак тишчелүү, асты түктүү, үстү түксүз. Сабактан өскөн жалбырактары кичирээк, эң жогоркулары жетилбестен жалбырак кучагына айланган. Чатыр топ гүлүнүн диаметри 4-6 см, түрдүү узундуктагы 4-15 майда чатырчалуу, алар ажырап уруктанган, ичинен түктүү нурдуу. Ороочторунун жалбыракчалары 4-5 санда, сызгыч- шибегедей, түктүү. Чатырчалары 15-20 гүлдүү, теңдеш эмес, ажыратылган гүл саптуу. Орооч жалбыракчалары 8-9 санда. Желекчелери ак, төбөсү бир аз оюктуу, сырты түктүү. Мөмөсүнүн узундугу 3,5 мм, жумурткадай, капталынан жалпайган, кыска жана жыш түктүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү

түзөтүү

Июлң-августта гүлдөп, август-сентябрда мөмөлөйт. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Кетментөбө өрөөнүн курчаган тоолордо кездешет.

Өсүү шарттары

түзөтүү

Таштуу-шагылдуу тоо беттери, шагыл таштар, акиташтуу топурактарда өсөт.

Аныкталган эмес. Кездешкен жерлеринде бирин-серин учурайт. Чектөөчү факторлор. Белгисиз.

Өстүрүү

түзөтүү

Өстүрүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери

түзөтүү

Корукка алынган эмес. Коргооү чүнзарыл аракеттер. Түр кеңири кездешкен жерлерде ботаника лык

Статусу

түзөтүү

EN. Сейрек жана чакан аймактарда аз санда кездешкен эндем түр. Түрдүн илимге мааниси өтө чоң.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү