Коринф – Коринф мойногундагы байыркы грек шаар-мамлекети (полиси). Азыркы Коринф шаарынан 6 км түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Коринф.
Коринф.

Коринфти казганда, б. з. ч. 2-миң жылдыкта калктын жашагандыгы далилденген. Аны болжол менен б. з. ч. 10-кылымда дорийлер негиздеген. Б. з. ч. 8–7-кылымдарда Коринф, Сиракузы, Керкира, Потидей сыяктуу колонияларга ээлик кылып, Милет, Кипр, Египет ж. б. мамлекеттер менен соода жүргүзгөн. Коринфтин коло жана карападан жасалган көркөм буюмдарынын даңкы алыска тараган. Б. з. ч. 8–6-кылымдарда Коринфте олигархия менен тирания бири-бирин алмаштырып турган. Тирандар Кипсел менен Периандрдын учурунда (болжол менен б. з. ч. 657–585) Коринф абдан өнүккөн. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында Коринф башында Спарта турган Пелопоннес союзуна кирген. Б. з. ч. 431–404-жылдардагы Пелопоннес согушунун чыгышына Афины менен Коринфтин эрегишүүлөрү себеп болгон. Б. з. ч. 395–387-ж. Коринф күч-кубаттуу Спартага каршы Аргос, Фивы, Афины ж. б. полистер менен бирге Коринф согушун жүргүзгөн. Эллин мезгилинде (б. з. ч. 338–197-ж.) Коринфти македон аскерлери ээлеп, б. з. ч. 2-кылымда римдиктерге каршы грек шаар-мамлекеттеринин согушуна катышкандыгы үчүн б. з. ч. 146-ж. римдиктер Коринфти талкалап, калкын кулдукка саткан. Римдин Ахайя провинциясы түзүлгөндө (б. з. ч. 27-ж.) Коринф анын башкы шаарына айланган, бирок б. з. 395–521 -ж. готтор талкалап, Юстиниандын тушунда Коринф кайрадан калыбына келтирилген. 1458-ж. осмон түрктөрү басып алган. 1858-ж. байыркы Коринф жер титирөөдөн дээрлик талкаланган. Коринфти казуу иши 1896-жылдан жүргүзүлүп келет. Аполлон храмы, Аполлон ыйык участкасы жана гректер менен римдиктердин турак жай кварталдары, храмдар, рим театрларынын кээ бир бөлүктөрү сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү