Коркунуч балансы - Бул термин II Дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөдө атомдук курал-жарактардын өнүгүшү жана көбөйүшүнүн натыйжасында Батыш жана Чыгыш блокторунун ортосунда чыгуусу мүмкүн болгон касташуулардан тынчсыздангандыкты билдирүү үчүн колдонулат.

Себеби атомдук курал-жарактардын дүйнөнү бүлгүнгө учуратуусу айдан ачык болчу. Өзгөчө бул курал-жарактарды атуучу каражаттар (узун мерчемдүү бомбалоочу учактар, континенттер аралык ракеталар, ракеталарды атуучу деңиз астындагы согуш кемелери) барган сайын өнүгүп жаткан болчу.

Атомдук курал-жарактардын алгачкы түрү 20 килотонналык биринчи атом бомбасы 1945-жылы Япониянын Хиросима аралына ташталган. Ал 20 миң тонналык ТНТдан (динамит) түзүлгөн болчу. Бул бомба 10 чарчы км аймакты кыйроого учураткан жана жыйынтыгында 60 миң киши өлүп, 69 миң киши оор жаракат алган. Мындан 3 күн өткөндөн кийин Япониянын Нагасаки шаарына дагы бир атом бомбасы ташталган, жыйынтыгында 36 миң киши өлүп, 40 миң киши жараланган. Кийинчерээк бир тараптан атом бомбасынын күчү арттырылган, экинчи тараптан андан да күчтүү болгон суутектүү бомба (Н бомбасы) жасалган.

Мындан сырткары кобальт бомбасын жасоо да ишке ашырылган. Бул атомдук курал- жарактардын ар бирине түрдүү аттар берилген. Күчтүү, өнүккөн атом бомбаларынын күчү мегатонна менен эсептелинет жана 1 мегатонна 1 миллион тонна ТНТ күчүнө барабар. АКШ менен Россиянын курал-жарактык базасында 30- 50 мегатонналык бир топ атом бомбасы бар. Башкача айтканда, бул бомбалардын күчү Нагасаки менен Хиросимага ташталган бомбалардын күчүнөн 1500-5000 эсе жогору. Мындай күчтөгү бомбалардын кыйратуучу күчү да жогору болот. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, 30 мегатонналык бомба бир шаарды толук жер менен жексен кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9