Кормак Маккарти (англ. Cormac McCarthy; туулгандагы аты: Charles McCarthy; 1933-жыл 20-июль) — америкалык жазуучу, драматург жана сценарист. Ал түштүк готика, вестерн жана пост-апокалипсистик жанрларды камтыган он роман жазган.

2005-жылы МакКартинин "Кандуу меридиан" (англ. Blood Meridian, 1985) аттуу бешинчи романын Time журналы 1923-жылдан бери жарыкка чыккан 100 мыкты англис тилиндеги китептердин тизмесине киргизген.

"Жылкылар" (англ. All the Pretty Horses, 1992) чыгармасы менен ал АКШнын Улуттук китеп сыйлыгы менен Улуттук китеп сынчыларынын сыйлыгына ээ болгон. Анын 2005-жылы чыккан "Улгайгандарга жай жок" (англ. No Country for Old Men) романы 2007-жылы окшош аталыштагы тасмага ылайыкташтырылып, "Эң мыкты тасма" сыйлыгы менен катар "Оскардын" төрт наамын жеңип алган. "Жылкылар", "Жол" (англ. The Road) жана "Кудайдын баласы" (англ. Child of God) китептери да тасмага ылайыкташтырылган.

Маккарти "Жол" (2006) көркөм чыгармасы үчүн "Пулитцер" жана Жэймс Тэйт Блэк мемориал сыйлыктарына ээ болгон. 2010-жылы The Times гезити "Жолду" акыркы 10 жылда жарык көргөн 100 мыкты көркөм жана нон-фикшн китептер тизмесинде 1-сапка жайгаштырган. Адабий сынчы Харолд Блум Маккартини Дон Делилло, Томас Пинчон жана Филип Рот менен катар Американын төрт башкы жазуучуларынын бири деп атап, "Кандуу меридиан" тууралуу Фолкнердин "Мен өлүп жатканда" (англ. As I Lay Dying) чыгармасынан берки улуу мыкты китеп деп билдирген.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү