Кормушин Игорь Валентинович

Кормушин Игорь Валентинович, филология илимдеринин доктору, профессор, Россия Илимдер академиясынын Тил институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, түрколог, полиглот, алтай тилдери боюнча ири адис, тарыхый-салыштырма тил илими, Орхон-Енисей жазма эстеликтерин изилдеген таанымал окумуштуу. 1956-ж. ЛГУнун фиология факультетине тапшырып, конкурстан өтпөй калат, андан соң ошол эле университеттин чыгыштаануу факультетинин Байыркы дүйнө адистигине өтпөй калып, түркология бөлүмүнө которулат. Ошентип, И.В.Кормушиндин тагдыры түркология илими менен байлышып калат. Студент мезгилинде “Древнетюркский словардын” чыгышына жа салымы кошкондугун өзү белгилейт. 1964-ж. Ыраакы Чыгышка тунгус тилдүү удэгейлердин арасында жашап тилдерин үйрөнөт. Анын жыйынтыгында 1998-ж. “Удыхэйский язык” деген монографиясы жарыкка чыккан. 1969-ж. Тилдердин салыштырма-тарыхый грамматикасы боюнча илим кандидаты даражасына ээ болгон. 1984-ж. «Системы времён глагола в алтайских языках» аттуу монографиясы жарык көрөт. 1991-ж. «Проблемы реконструкции пратюркского глагола: темпоральная система, её истоки и преобразования» деген темада докторлук диссертациясын коргогон. 1997-ж. фундаменталдуу мааниге ээ болгон Тува жана Хакасиядан табылган кыргыз жазуу эстеликтеринин материалдарынын негизинде «Тюркские енисейские эпитафии: тексты и исследования» монографиясы жарык көрдү. Ленинградда он жыл Ыраакы Чыгыштагы тунгус тилдүү элдерди изилдегенден соң, Москва шаарына СССР ИАсынын Тил институтуна которулуп келип, түрк тилдери боюнча жигердүү изилдөөлөрдү ишке ашырып келет. И.В.Кормушин Тува, Хакасия жана Тоолуу Алтайдан бир катар окуучуларды тарбиялап өстүргөн.

Эмгектери:Оңдоо

  • Системы времён глагола в алтайских языках. –М., 1984.
  • Тюркские енисейские эпитафии: тексты и исследования.
  • Проблемы реконструкции пратюркского глагола: темпоральная система, её истоки и преобразования. -М., 1991.
  • Удыхэйский язык. –М., 1998.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015