Корразия (латынча corrado – сүргүлөө, жылмалоо, үшкүлөө, чиймелөө) – күчтүү шамалдан учкан кумдардын тоо тектердин бетин сүрүп жылмалашы, чиймелеши. Дайыма бир багыттан согуучу күчтүү шамал кумдарды учуруп, тоо тектердин бетин тынымсыз ургулайт, сүргүлөйт, жышат, тегиздейт, чиймелейт, сыйрыйт. Натыйжада жылмаланган тегиз беттер же коңулдар, оюктар пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү