{{|КОСМИКАЛЫК СЕГМЕНТ}} КОСМИКАЛЫК СЕГМЕНТ (ГЛОНА́СС, GLONASS) — 70-жылдардын башында ошол кездеги АКШнын куралдуу күчтөрүнүн TRANZIT спутниктик навигациялык системасы башында турган илимий мекемелер олуттуу жетишпестиктер байкалып, аларга: салыштырмалуу так эместиктер, байкоо жүргүзүлгөнгө кеткен убакыттын узактыгы. Ушул жана башка жетишпегендиктерди катачылыктарды эске алуу менен жаңы муундагы спутниктик навигациялык системасын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Алгач ал NAVSTAR (убакыт жана жайгашкан орунду камсыз кылган спутниктик навигациялык система). Азыркы убакта ал GPS- NAVSTAR деген кош атка ээ. NAVSTAR дын негизги милдети болуп, аскердик обьектилерге жогорку тактыкта байкоо жүргүзүү. 1977-жылы биринчи спутниктин учурулушу менен ал программаны тикеден-тике ишке ашыруу башталган. 1983-жылы аны жарандык максатта колдонууга жол ачылган. 1991-жылдары GPS жабдыктарын (эмеректерин) мурдагы СССРдин өлкөлөрүнө сатууга коюлган чектөөлөр алынып салынган. 1993-жылы бул система бардык жерлерге жайылган. Аны ишке ашырууга кеткен чыгым 15 миллиард доллардан ашкан. Россия GPS сыяктуу эле ГЛОНАСС деп аталган спутниктик навигациялык системасы иштейт. Бул системанын иш жүзүндө 50-жылдан ашуун тарыхы бар. Анткени 1957-жылдын 4-сентябрында Советтер союзунда болгон адамзат тарыхында 1-жолу жасалма спутниктин учурулуусуна байланыштырышат. Советтер союзунун биринчи ГЛОНАСС спутниги 1982-жылы 12-октябрда орбитага учурулган. Бул системанын уюшулгандагы негизги максаты алгач аскердик максатта гана болсо, андан кийинки изилдөөлөр алардан алынган маалыматтарды геодезиялык иштерде, тактап айтканда Жогорку тактыктагы координаталарды аныктоодо ийгиликтүү болгон. 1993-жылы 24-сентябрда 12 спутниктен турган орбиталык топ расмий ишин баштаган. 1995-жылдын декабрынан баштап 24 спутник камтылган спутниктик группа иштеген. Жакшы каржыланбагандыктан 2001-жылы иштеп жаткан спутниктердин саны 6 га чейин кыскарган. Заманбап GPS жана Глонасс 24 спутниктен (21 негизги 3 спутник запаста туруусу керек.) Жерди ГЛОНАССтын спутниктери 3 орбитада, ал эми GPS тин спутниктери 6 орбитада айланат. Негизинен орбиталар ГЛОНАСС тын спутниктери 19 100 км бийиктикте, GPS тин спутниктери 20 183 км бийиктиктен орун алган. Булл спутниктердин жерди айлануу мезгили 12 саат (жылдыз убактысы боюнча 23 саат 55 минута 56,6 сек.) Ар бир спутник белгилүү бир чекит аркылуу күн сайын алдыңкы күндөгүдөн 4 минута эрте өтөт. Ар бир спутник белгилүү бир траекторияда гана жүрөт. ГЛОНАССтын орбитасы 64,8˚ка жантайыңкы, GPS тики 55˚. Орбиталардын радиусу 26 миң км ге жакын. (1-табл.) 1-таблица Космостук система Спутниктердин айлануусу Спутниктердин орбитасынын бийиктиги, км Орбиталардын жантайыңкылыгы ГЛОНАСС (РОССИЯ) 3 орбита 19100 64,8˚ GPS (АКШ) 6 орбита 20183 км 55˚

ГЛОНАСС системасынын бүгүнкү күндөгү навигациялык камтуу аянты: • Россиянын аймагы - 100%; • глобалдык - 100%. Салыштыруу үчүн: 2002-жылы ГЛОНАССтын навигациялык камтуу аймагы 18%ды гана түзгөн.

Ар бир спутниктин бортунда стандарттык: кварцтык, эки цезийлик жана эки рубиндик күн батареясы, орбиталарды корректировкалоочу кыймылдаткыч, маалыматтарды кабыл алып жана берип туруучу аппаратура, компьютер орнотулган.

Кыргызстандын шартында GPS тин пайдасы, манилүүлүгү Өлкөбүз ушул сыяктуу техникаларды жасап чыгара албаса дагы, жасалган техникаларды колдонуп, өзүнүн экономикалык-социалдык абалын көтөрүү менен жашоо-шарттарды жеңилдетип алса болот. Бүгүнкү күндө ЖПС жана ГЛОНАССтан алынган тынымсыз байкоолордун жардамы менен адамдарды жана жүктөрдү ташып жеткирүү тармагында иштегендер, жолдорду курууда, мамлекеттик күч структураларында, геологиялык изилдөө иштерин, курулуш тармагында, байланыш кызматында, энергетикалык ресурстарды өндүрүү жана аны жеткирүү иштеринде, айыл чарбасында, токой чарбасында жана кадастрдык иштерде колдонууга болот жана бул көп ийгиликтерге алып келет. Өзгөчө жүргүнчүлөрдү жеткирүү жана жүктөрдү ташууда алардын коопсуздугун камсыздап, маалыматтарды билдирип турат.

Алынган маалыматтарды кадастрдык карталарга түшүрүп, андан ары кадастрдык маалыматтар банкына жүктөшөт. Керек учурда жер участогунун чегара сызыктарын түзсө да болот. Кадастрдык карталардын ишенимдүүлүгү алардын геодезиялык тактыгынан көз каранды болот. Координаталарды спутниктердин жардамы аркылуу аныктоо жогорудагы тактыка жетүүгө жардам берет.

ГЛОНАСС спутниктик системасы Глонасстын биринчи муундагы (космикалык аппараты)
ГЛОНАСС тын экинчи муундагы спутниктик системасыГлонасс-М

Кошумча кароо үчүн түзөтүү

Эскертүү түзөтүү

Адабияттар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Калып:ГЛОНАСС Калып:Байкоо системасы Калып:Спутниктик байкоо Калып:Советтик жана россиялык аскер спутникниктери